Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн КМШнын биринчи кышкы спартакиадасы Уфада башталды
17.12.2025 | 17:18
Башкырстандын баш калаасында (Россия Федерациясы) 14-20-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында кышкы спартакиадасы өтөт. Мелдештерге беш мамлекеттен: Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Тажикстан Республикасынан 100гө жакын спортчу катышат.

Спартакиаданын программасы үч спорттук багытты камтыйт: таяныч‑кыймыл аппараты жабыркагандар үчүн, дүлөйлөр жана азиздер үчүн. Мелдештер беш дисциплина боюнча өткөрүлөт — лыжа жарышы, тоо лыжасы, сноуборд, керлинг жана шахмат.
Рубрики: Спорт