Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкек абанын булганышы боюнча 27-орунду ээледи
17.12.2025 | 19:00
17-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 27-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 98 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «орточо» деп саналат.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар