Чүй облусунда браконьерлерге 250 миң сом айып пул салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу боюнча масштабдуу рейд жүргүзүштү. Декабрдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ондогон протоколдор түзүлүп, эреже бузгандарга ири суммадагы айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү уруксат кагаздары жок же белгиленген эрежелерди бузуу менен аңчылык кылып жүргөн жарандардын бир нече тобун кармашты.
Жалпысынан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренеси («Аңчылык кылуу эрежелерин бузуу») боюнча 20 административдик протокол түзүлдү.
Кармалган ар бир жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул жазылды. Ошентип, рейддин жүрүшүндө салынган айыптардын жалпы суммасы 250 000 сомду түздү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы биоресурстарды сактоого көзөмөлдү мындан ары да күчөтүп, өлкөнүн аймактарында үзгүлтүксүз рейддерди улантуу ниетин билдирди.