«Борбордук Азия + Жапония» саммити: кыргыз-жапон кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган 18 документке кол коюлду

20.12.2025 | 16:00

Бүгүн, 20-декабрда, Токиодо өткөн “Борбордук Азия + Жапония” саммитинин алкагында Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү үчүн эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган 18 документ энергетика, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, айыл чарба, санариптик технологиялар, адам ресурстарын жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.

Экспортту колдоо жаатында Жапониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (ДЖЕТРО) менен биргеликте «Кыргыз Экспорт» борборунун потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Энергетика тармагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «MurooSystems Corporation» компаниясынын ортосунда Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасы кабыл алынды. Ошондой эле «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы менен аталган компаниянын ортосунда электр энергиясын сатып алуу келишимине кол коюлду.

КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жапониянын улуттук ооруканаларынын ортосунда «Китахара» үлгүсүндөгү шашылыш жана интенсивдүү жардам көрсөтүүчү заманбап борборлорду пландаштыруу жана түзүү боюнча меморандум түзүлдү.

Билим берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында да бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын катарында Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Sprix корпорациясынын, «Fujifilm System Service Co., Ltd», «Digital Knowledge Inc» жана «GAKKEN HOLDINGS Co., Ltd» компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар бар. Мындан тышкары, Кыргыз-Жапон санариптик университетин түзүү жана башкаруу боюнча үч тараптуу меморандум кабыл алынды.

Аймактык жана институционалдык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында КР президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгү менен Кыргыз-Жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун ортосунда меморандумга кол коюлду. Кыргызстандын Туризм департаменти менен Жапониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.

Ошондой эле айыл чарба жана бизнес чөйрөсүндө Кыргыз улуттук университетинин Агробизнес борбору менен Agritree Co., Ltd компаниясынын ортосунда, Жапониялык Eight Tool Co., Ltd компаниясы менен техникалык тейлөө шаймандарын жеткирүү боюнча меморандумдар кабыл алынды. Социалдык багытта «Плюс» коомдук фонду менен Japan Tobacco Inc компаниясынын ортосунда «Тең мүмкүнчүлүктөр» социалдык борборун өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө документке кол коюлду.

Мындан тышкары, жаштар саясаты жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү максатында Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Маизуру шаарынын ортосунда спорттук алмашуу боюнча ниеттер жөнүндө документ, ошондой эле Балыкчы шаары менен Маизуру шаарынын мэрияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө ниет кат кабыл алынды.

Scroll to Top