Туманбаев МИКтин үйлөрү жыш салынууда деген сындарга жооп берди

25.12.2025 | 15:36

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан үйлөр боюнча айтылып жаткан сындарга жооп берди.

Анын айтымында, айрым жарандар МИКтин үйлөрү “кокуй жыш жайгашыптыр, кумурсканын уюгундай болуп калыптыр” деп сындап жатышат. Туманбаев Жапонияда да үйлөр жыш жайгаштырылып салынарын айтып, салыштырып көрүүгө чакырды.

Ал бардык үйлөр стандарттар, нормалар сакталып курулуп жатканын, алардын жыш жайгашышы жерди үнөмдүү пайлануу үчүн жасалып жатканын билдирди.

“Келечекте элибиздин саны дагы өсөт, жер болсо чоңойбойт, кеңейбейт. Андыктан жер тилкесин азыртадан үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Жерди сарамжалсыз пайдаланып, аянтты ашкере ээлеп курсак, ал келечекте жер тартыштыгын гана жаратат. Андыктан, сын пикирлер дагы жөндүү айтылса дейт элем”,- деди ал.

Scroll to Top