Кыргызстанда 63 агроөнөр жай объектиси пайдаланууга берилди: 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргыз Республикасында 63 агроөнөр жай комплекси ишке киргизилген. Алардын арасында‑соода‑логистикалык борборлор, дан, мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын кайра иштетүү, сүт азыктарын, эт, балык, жүн жана өсүмдүк майын өндүрүү боюнча ишканалар, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2707 жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди, Бул региондорду өнүктүрүүгө, жумуштуулукту жогорулатууга жана тармактын өндүрүштүк потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.
2025–жылдын январь-ноябрь айларында республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын үлүшү 17,4% га жетти. Бул мезгилде азык-түлүк продуктуларын чыгаруунун көлөмү учурдагы баалар боюнча 94,2 млрд сомду түздү, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 127,8% га жетти, бул өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде өндүрүштүн олуттуу өсүшүн көрсөтүп турат.