Ирандагы нааразылык акциялары: өлкө терең кризистин босогосунда
Бүгүнкү күндө Иранда болуп жаткан окуялар өлкөнүн келечегине карата белгисиздикти кыйла жогорулатып, ири масштабдагы ички саясий кризиске айлануу дараметине ээ. Тегерандын экономикалык көйгөйлөрү, биринчи кезекте улуттук валютанын кескин кунсузданышы жана инфляциянын өсүшү кыска убакыттын ичинде өкмөткө каршы маанайдагы кеңири социалдык чыңалууну жаратты. Валютаны жана экономикалык абалды турукташтыруу талаптары тез эле азыркы бийликти кулатууга чакырган ачык революциялык ураандарга айланды.

Мындан тышкары, эгер Тегеран тараптан манифестациялар күч менен басыла турган болсо, АКШнын расмий адамдарынын нааразылык акцияларын колдоого даяр экендиги тууралуу билдирүүлөрү кошумча чыңалууну жаратууда. Бул фактор Ирандагы окуяларды ички кризистин алкагынан чыгарып, ага ачык тышкы саясий мүнөз берүүдө.
Ошону менен бирге, Иран үчүн нааразылык акциялары жана күч түзүмдөрү менен кагылышуулар жаңылык эмес экенин белгилей кетүү керек. Мындай толкундоолор көп жылдар бою салыштырмалуу туруктуу түрдө болуп келет. Түрдүү мезгилдердеги массалык толкундоолордун себептери ар башка болгону менен, дээрлик ар дайым туруксуздук акыры өкмөткө каршы мүнөзгө ээ болуп келген. Себептерине карабастан — мейли ал 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки саясий жүйөсү бар нааразылыктар болсун, же Махса Амини менен болгон кайгылуу окуядан кийинки диний ченемдерге каршы социалдык-укуктук нааразычылыктар болобу, же экономикалык абалга болгон ачык нааразычылык болобу — ар бир кризис оппозициялык күчтөрдүн анын жыйынтыгына таасир этүү аракеттери менен коштолуп келген.
Учурдагы нааразылыктарды идеологиялык жактан азыктандырууда тактыдан түшүрүлгөн шахтын уулу, мураскер канзада Реза Пехлеви байкаларлык роль ойноодо. Ал социалдык тармактар аркылуу элди биригүүгө жана аятоллалардын режимине каршы ачык күрөшкө чакырып, нааразылык маанайдагы электоратты мобилизациялоодо. Мындай реваншисттик маанай 2022–2023-жылдардагы ирандык шаарларды аялдардын тышкы көрүнүшүнө карата диний талаптарга каршы нааразылык акциялары каптаган учурда да байкалган.
АКШ фактору да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Америкалык саясатчылардын билдирүүлөрү Вашингтондун кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууга жана белгилүү бир шарттарда сөздөн ишке өтүүгө даяр экенин улам барган сайын катуу белгилөөдө. Дональд Трамп Ирандын жетекчилигине демонстранттар өлтүрүлгөн учурда боло турган кесепеттер тууралуу түз эскертти. Мамлекеттик катчы Марко Рубио Венесуэланын тегерегиндеги акыркы окуяларга баа берип жатып, АКШ Вашингтон үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аймактарда Ирандын таасиринин кеңейишине жол бербөөгө умтуларын билдирди. Ал эми Линдси Грэм ирандык функционерлерди физикалык жок кылуу тууралуу түз коркутууларга чейин барды. Мындай риторика америкалык тарап Иран кризисин кысым көрсөтүү жана кийлигишүү үчүн потенциалдуу курал катары карап жатканын айкын көрсөтүп турат.
Нааразылык акцияларына күрт улуттук азчылыгынын өкүлдөрүнүн тартылышы дагы бир дестабилдештирүүчү элемент болууда. Аятоллалардын шииттик режими менен көптөн бери тирешип келген жана автономияга, ал эми келечекте өз мамлекетин түзүүгө умтулган күрттөр учурдагы толкундоолорду өзүнүн саясий жана идеологиялык максаттарын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк катары колдонууда. Улуттук азчылыктар жыш жайгашкан аймактардагы кагылышуулар жалпы туруксуздуктун деңгээлин гана күчөтүүдө.
Жалпысынан Иран Ислам Республикасындагы учурдагы кырдаал өтө чыңалууда калууда, бирок азырынча так корутунду чыгарууга мүмкүнчүлүк бере элек. Маалыматтын чектелүүлүгү (анын ичинде интернет-ресурстардын бөгөттөлүшү) жана бийликтин абалды турукташтыруу боюнча уланып жаткан аракеттери болуп жаткан окуялардын толук сүрөтүн көрүүгө тоскоол болууда. Бирок тышкы жана ички факторлордун жыйындысы (АКШ тараптан кысым, этникалык компонент жана оппозициялык күчтөрдүн, анын ичинде кулатылган монархиянын тарапкерлеринин реваншисттик активдүүлүгү) келечекте өлкөнүн терең дестабилизациясына алып келе турган олуттуу тобокелдиктерди жаратууда.
Жакын арада Тегерандагы саясий элитанын канчалык прагматикалык жана стратегиялык жактан так иш алып барары чечүүчү фактор болот.
Дастан Токольдошев