«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Өз энесин жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган. Чүйдө 44 жаштагы киши кармалды
12.01.2026 | 11:24

Чүйдө өз энесин уруп-сабап, жаздык менен тумчуктурууга аракет кылган деп шектелип, 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер министрлиги билдирди.
Жайыл райондук милициясына жаран кайрылып, анда ал өз агасы 2025-жылдын 29-декабрына караган түнү 75 жаштагы энесин уктап жаткан учурда жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Апасы ага каршылык көрсөткөн учурда, аны уруп-сабаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө шектүү буга чейин жубайы менен WhatsApp аркылуу жазышып, анда энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөрдү жибергени аныкталган.
Шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар