Бишкекте «Тазалык» ишканасынын жаңы базасы курулат

Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы заманбап өндүрүштүк базасы курула баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Базанын жалпы аянты 4,13 гектарды, ал эми имараттардын жалпы аянты 11 миң 500 чарчы метрди түзөт.
Базанын аймагында өндүрүштүк жана оңдоо цехтери, атайын техникалар үчүн ангарлар, техникалык туз сактоочу кампа, таштанды жүктөө-өткөрүү станциясы, унаа токтотуучу жайлар жайгашат. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери үчүн социалдык-тиричилик жана спорттук объектилер курулат.
Базанын курулушун 2026-жылдын жай айларына чейин толук бүтүрүү пландалууда.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев объектинин пайдубалына капсула салуу аземинде «Тазалыктын» кызматкерлерине эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал жаңы база кызматкерлер үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүүгө жана коммуналдык кызматтардын сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.