Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Бишкек абанын булганышы боюнча 85-орунду ээледи
13.01.2026 | 19:00
13-январга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 85-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 55 бирдикти түздү. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «орточо» болуп эсептелет.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштар
- «Жакшы» (0-50) көрсөткүчүндө сыртта ээн-эркин жүрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезгич адамдарга сыртта узак убакыт жүрүүдөн кармануу сунушталат.
- «Зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлдерде сыртта болуу убактысын чектөө зарыл.
- «Өтө зыяндуу» (150-249) учурда үйдөн чыкпай коюу абзел.
- Ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде кыска убакытка болсо да сыртка чыгуудан баш тартуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом