Саламаттык сактоо министрлиги Оштогу балдар ооруканасындагы абал боюнча комментарий берди
Саламаттык сактоо министрлиги Ош облустук балдар клиникалык ооруканасындагы узун кезек жаралып, ата-энелер менен балдар кыйналып жатканы тартылган видео боюнча комментарий берди.
Оорукананын директору Жыргалбек Толоровдун айтымында, мындай көрүнүш адатта дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийин орун алат.
“Бул күндөрү амбулатордук жардам алуу жана тар адистердин консультациясына кайрылгандардын агымы кескин көбөйөт. Дал ушундай жүктөм 13-январда катталып, 600 амбулатордук кайрылуу болгон. Ал эми 12-январда болжол менен 800 бала жардам алды”,- деп айтылат маалыматта.
Мекеменин жетекчиси учурда оорукана балдарды кабыл алууга жетиштүү түрдө даяр экенин билдирди. Кайрылуулардын көп болушуна карабастан, дарыгерлер жардам көрсөтүүдөн баш тартышпайт. Азыркы тапта 18 дарыгердин кабинети иштеп жатат, үч каттоо бөлүмү, эки касса жана эки терминал бар.
Жыргалбек Толоров мындан тышкары айрым ата-энелер жер-жерлердеги үй-бүлөлү дарыгерлерге кайрылбастан, түз эле стационарга келип жатканын айтты. Ал ата-энелерди өз убагында тийиштүү адиске жолдомо алуу үчүн Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы участкалык педиатрларга кайрылууга чакырды.
Буга чейин соцтармактарда аталган ооруканада сааттап созулган кезектер жаралып, тейлөө өтө жай жүрүп жатканы айтылган видео тарап кеткен. Кадрлардан ары жакта ата-энелери менен кезекте турган кичинекей балдардын жана ымыркайлардын ыйлаган үнү угууга болот.