Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
18 жаштагы кызды ала качышкан. Чүйдө эки жигит кармалды
14.01.2026 | 10:19

Чүйдүн Сокулук районунда 18 жаштагы кызды ала качууга шектелип, эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя кечээ, 13-январда, болгон. Жабырлануучунун айтымында, түнкү саат 00:30дар чамасында өзү менен чала тааныш «Н» аттуу жаран таанышы менен келип, анын эркине каршы никеге туруу максатында, “Step Wagon” үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери шектүүлөрдү: 24 жаштагы Б.Н. жана 23 жаштагы Ш.Н. аттуу жарандарды кармады. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар