“Тендер деген болбошу керек”: Спикер тендерди жоюу боюнча маселени тез арада карап чыгууну буйруду
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тендер өткөрүүнү жоюу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна тез арада киргизүүнү буйруду. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-январдагы, ЖКнын отурумунда билдирди.
Анын айтымында, учурда социалдык багыттагы бардык мамлекеттик курулуштар тендерге байланышкан. Бирок тендерлерди өткөрүү эки-үч айга созулуп, көпчүлүк учурда курулуш иштери кечеңдеп калат.
“Ошондуктан, тендерге тиешелүү мыйзамдарды карап, аталган маселени толугу менен алып салышыбыз кажет. Тендер деген болбошу керек. Ошондо иштин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт”,- деп билдирди төрага.
Спикер бул маселе боюнча президент менен да кеңешкенин айтып, тендерди өткөрүүнү жоюу боюнча мыйзам долбоорун тез арада Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү талабын койду.
“Тендери жок эле курулуштар жүргүзүлүп, түз сатып алуулар болушу кажет”,- деди ал.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелелери боюнча комитетинде тендерлерди жоюбу боюнча мыйзам долбоор каралууда. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор Министрлер кабинети тарабынан сунушталган.