Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын экономикасындагы агроишкердин негизги милдеттери тууралуу айтып берди

14.01.2026 | 16:58

КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы азыркы экономикалык шарттарда агроишкердин ролу жана милдеттерине карата кеңири аныктама берди. Мекеменин позициясы боюнча, бул — агроөнөр жай комплексинде кесипкөй башкарууну ишке ашырган жана өндүрүштүн натыйжалуу моделдерин киргизүү аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган ишкер.

Агроишкердин ишмердүүлүгү ресурстарды терең талдоодон баштап, толук өндүрүш циклин камтыйт. Даярдоо этабында топуракка аудит жүргүзүлөт, эгинди которуштуруп айдоо пландалат жана аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүн, рыноктун актуалдуу талабын эске алуу менен жогорку түшүмдүү өсүмдүктөр же малдын породалары тандалат. Ишкердин инвестициялык саясаты атайын техниканы, сапаттуу үрөн фондун жана процесстерди автоматташтыруу үчүн жабдууларды сатып алууну камтыйт.

Заманбап агробизнестин маанилүү бөлүгү болуп санариптештирүү саналат. Ишкерлер GPS-навигацияны, эгиндердин абалын көзөмөлдөөчү датчиктерди жана дрондорду колдонуу менен «акылдуу айыл чарба» технологияларын киргизүүдө. Логистикалык чынжырга чийки затты терең кайра иштетүү, микроклиматты көзөмөлдөгөн жогорку технологиялык кампаларда сактоо жана продукциянын керектөөчүгө жеткенге чейинки бардык этаптарында анын изине түшүү (көзөмөлдөө) мүмкүнчүлүгүн камсыздоо процесстери интеграцияланат.

Пайда табуудан тышкары, агроишкердин стратегиялык максаттары болуп экологиялык туруктуулук жана жердин күрдүүлүгүн сактоо эсептелет. Тобокелдиктерди кесипкөй башкаруу жана чыгашаларды оптималдаштыруу жаратылыш тең салмактуулугун бузбастан, сектордун рентабелдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Агроишкерлердин ишмердүүлүгүнүн социалдык натыйжасы айыл жеринде жумуш орундарын түзүүдөн, фермердик кооперацияны өнүктүрүүдөн жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоодон көрүнөт. Айыл чарба министрлиги ишкерлердин бул классын өнүктүрүү республиканын экспорттук дараметин жогорулатууга жана азык-түлүк импортуна болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөрүн баса белгилешет.

Scroll to Top