Кыргызстан АКШ менен визалык режимди жеңилдетүүгө аракеттенүүдө

15.01.2026 | 13:48

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында АКШ менен миграциялык кызматташтыктагы айрым маселерди белгиледи. Мекеменин маалыматына ылайык, учурда АКШ аймагында студенттерди жана эмгек мигранттарын кошкондо Кыргызстандын болжол менен 40 миң жараны жүрөт.

ТИМ башчысы жыйында АКШ кыргызтандык жарандарга карата өлкөгө кирүү үчүн күрөө төлөө талабын киргизүүсү тууралуу меселени көтөрдү. Министрдин айтымында, 15 миң долларлык сумма «өтө жогору». Мекеме муну АКШнын ички миграциялык саясатынын бир бөлүгү катары экенин белгилеп, визалык режимди жеңилдетүү боюнча консультацияларды жүргүзүп жатканы айтылды.

Депортация боюнча статистика азырынча орточо деңгээлде: АКШнын бийлиги миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн болжол менен 20 адамды өлкөдөн чыгарган, дагы ошончо иш кароо процессинде турат. Негизги себеп — өлкөдө визасыз жүрүү же визанын шарттарын бузуу. «Документтер туура болсо, жарандардын жүрүп-турушунда көйгөй жаралбайт», — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

ТИМ башчысы башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын миграциялык саясаты менен да салыштырып, документтерди өз убагында тариздөө жана өлкөдө болуу мөөнөттөрүн сактоо — дүйнөлүк практика экенин айтты.

Кыргызстандын ТИМи жарандардын кызыкчылыгын коргоо жана чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын мыйзамдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Scroll to Top