Кыргызстандын аймактарында 2026-жылдын июнуна чейин үзгүлтүксүз айыл чарба жарманкелери өткөрүлүп турат
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республиканын бардык облустарында жана Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкелерин өткөрүүнү улантып жатканын маалымдайт. Жума сайын болуучу сооданын графиги 2026-жылдын июнуна чейинки мезгилге бекитилди.
Мекеменин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө товарлардын негизги түрлөрүнүн таңсыктыгы катталган жок, азык-түлүк кору жетиштүү көлөмдө түзүлгөн. Жарманкелер ички рыноктун туруктуулугун камсыздоо жана калкка түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сапаттуу продукция алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында уюштурулууда.
Борбор калаада сооданы уюштуруу:
Бишкекте жарманкелер шаардык мэриянын колдоосу менен жума сайын ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп турат. Соода аянтчалары төмөнкү даректерде уюштурулган:
- Т. Усубалиев атындагы аянт;
- И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Эркиндик бульвары (Биринчи Май району).