Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 23кө жетти. Тамактануучу жай жабылды
Бишкектеги «Даамдуу» тез тамактануучу жайында уулангандардын саны 23 адамга жетти. Алардын бешөө жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик 18 адам ооруканада дарыланып жатканын билдирди. Алардын абалы туруктуу. Ал эми 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.
Жабыркагандар шаурмадан ууланышкан. Аларда алгачкы белгилер бир суткадан кийин байкалган.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери аталган тамактануучу жайда текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча 3 протокол түзүлүп, жалпы 41 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле тез тамактануучу жай жабылып, мөөрлөндү.
Министрлик учурда эпидемиологиялык иликтөө улантылып жатканын кошумчалады.