ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат
Бишкекте коомдук тамактануучу жайда массалык уулануу болду. Арасында жаш балдар бар
16.01.2026 | 09:51
Бишкек шаарында коомдук тамактануу жайларынын биринде массалык уулануу болду. Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 17 жабырлануучу кайрылганын билдирди.
Учурда 13 жаран ооруканага жаткырылды, алардын ичинен төртөө жаш балдар. Оорукананын башкы дарыгери Гулжигит Аалиевдин айтымында, бардык бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү ЖМКлар алдына уулануу Бишкектеги «Даамдуу» тез тамактануучу жайында болгонун жазышууда.
Учурда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар