ТИМ Иранда жүргөн кыргызстандыктарга өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолдорун түшүндүрдү

16.01.2026 | 12:19

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандар өлкөдөн кантип чыгып кете аларын түшүндүрдү.

Учурда Иранга уча турган жана учуп чыга турган авиакаттамдар кыскартылып же таптакыр токтотулуп жатат. Ошондой эле учуу графиги тез-тезден өзгөртүлүп жатат. Мындан улам министрлик жарандарга коңшу мамлекеттер аркылуу кургак жол менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

ТИМдин маалыматында, учурда Ирандан чыгып кетүүнүн төмөнкү жолдору бар:

  • Кыргызстандын жарандары үчүн Армениянын жана Түркиянын аймагына кирүү визасыз негизде жүзөгө ашырылат;
  • Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн алдын ала Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигине кайрылып, кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча көмөк көрсөтүүнү сурануу зарыл;
  • 16-январгаа карата Ирандын Ооганстан жана Ирак менен болгон мамлекеттик чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык. Аталган өлкөлөргө кирүүнү каалгандар тиешелүү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүүсү керек.

Маанилүү: Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен болгон кургактык чек аралары учурда өтүү үчүн жабык.

Министрлик Ирандан чыгып кетүү үчүн жардамга муктаж болгон кыргызстандыктар Кыргызстандын Ирандагы элчилигине же КРдин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүнү сунуштайт:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты жана байланыш маалыматтары;
  • паспорттун биографиялык маалыматтар камтылган барагынын сүрөтү;
  • болжолдонгон мамлекеттик чек ара өтүү пункту.

Белгилей кетсек, учурда Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары күчөп жатат. Өкмөткө каршы көтөрүлүшкө Тегерандын экономикалык көйгөйлөрү, биринчи кезекте улуттук валютанын кунунун жоголушу жана инфляциянын өсүшү алып келди.

Кыргызстандын ТИМи буга чейин жарандарды кырдаал толук турукташканга чейин Иранга барбай турууга чакырган.

Scroll to Top