Министрлер кабинети билет баасын арзандатуу үчүн ички авиакаттамдарга жыйымдарды алып салууну сунуштоодо

16.01.2026 | 12:04

Өлкө ичинде каттамдарды аткарган авиакомпаниялар үчүн операциялык чыгымдарды кескин кыскартууну караган Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин негизги максаты — авиабилеттердин баасынын өсүшүн ооздуктоо жана аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн учууларды мамлекеттик субсидиялоо болуп саналат.

Долбоорго ылайык, бардык ички каттамдар үчүн аэронавигация (асманда коштоо) жана аэропорттордо жерде тейлөө акысы 50 пайызга кыскарат. Ошол эле учурда сегиз социалдык маанилүү багыт боюнча туруктуу учууларды аткарган ата мекендик авиакомпанияларды аталган жыйымдардан толук бошотуу (0%) пландалууда.

Өкмөт белгилегендей, учурда аэропорттордогу тейлөөнүн кымбаттыгы көптөгөн аймактык маршруттарды ташуучулар үчүн экономикалык жактан пайдасыз, ал эми жүргүнчүлөр үчүн кымбат кылууда. Ставкаларды нөлгө түшүрүү жана төмөндөтүү компанияларга ар бир орундуктун өздүк наркын арзандатууга мүмкүндүк берет. Натыйжада билет бааларын турукташтыруу гана эмес, учуулардын географиясын кеңейтүү, ошондой эле Баткен, Раззаков же Жалал-Абад сыяктуу республиканын алыскы шаарларына каттамдардын жыштыгын көбөйтүү күтүлүүдө.

Бул чараны ишке ашыруу үчүн «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына жана «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсына төлөмдөрдү алуу тартибин өзгөртүү тапшырылат. Жаңы эрежелер токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Сунушталган жеңилдиктер улуттук авиаташуучуларды колдоонун жана өлкө ичиндеги транспорттук байланыштарды бекемдөөнүн негизги куралы болуп калмакчы.

Эске салсак, 2026-жылдын башынан тарта Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жети аймактык шаарга: Раззаков, Баткен, Каракол, Нарын, Талас, Казарман жана Кербенге авиакаттамдарды субсидиялоо программасы ишке киргизилген. Бул демилгенин алкагында «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы белгиленген социалдык тарифтер боюнча каттамдарды аткара баштады, мында рыноктук баа менен айырма Турукташтыруу фондунан жабылат. Ошол эле учурда эң популярдуу Бишкек — Ош багыты жеке авиаташуучулар менен дени сак рыноктук чөйрөнү жана атаандаштыкты сактоо үчүн мамлекеттик субсидиялоо программасынан атайылап чыгарылган.

Scroll to Top