Кыргызстандын маданият министри Австриянын алдыңкы маданий мекемелеринин жетекчилери менен жолугушту

16.01.2026 | 15:30

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Австрияга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн алдыңкы маданий мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын жетекчилиги менен жолугушту. Ал Вена музыкалык жана аткаруучулук искусство университетинин ректору Ульрике Сих, ошондой эле Австриянын Дүйнөлүк музейинин директорунун орун басары Кристиан Шиклгрубер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууларда эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Алар: тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу, маданият жана искусство чөйрөсүндө жаштарды даярдоо жана окутуу. Кыргыз тарап алдыңкы тажрыйбалардын булагы катары австриялык тажрыйбаны изилдөөгө кызыкдарлыгын баса белгилеп, өз ара аракеттенүүнү активдүү өнүктүрүүгө, анын ичинде эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен маданий иш-чараларга катышуусу аркылуу даяр экендигин билдирди.

Scroll to Top