Казакстанда жасалма интеллект менен түзүлгөн контентти милдеттүү түрдө белгилөө мыйзамы күчүнө кирди
Бүгүн, 16-январда, Казакстанда жасалма интеллект жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирди. Анын негизги талаптарынын бири — жасалма интеллекттин (ЖИ) жардамы менен түзүлгөн же өзгөртүлгөн контентти милдеттүү түрдө белгилөө. Дезинформацияга каршы күрөшүү борбору авторлор материалдарды даярдоодо жасалма интеллект технологияларын колдонгондугу тууралуу аудиторияга эскертүүгө милдеттүү экенин эске салды.
Борбордон мындай белгилөөнүн жоктугу жасалма интеллект чөйрөсүн жөнгө салуунун негизги принциптерине, башкача айтканда, ачык-айкындуулукка жана жоопкерчиликке карама-каршы келерин баса белгилешти. Ошондой эле мыйзамда жасалма интеллектти колдонуу адамдарды адаштырбашы же реалдуулукту кабыл алууну бурмалабашы керектиги белгиленген. Жасалма интеллектти колдонууда адамдын бакубаттуулугу жана чечим кабыл алуу эркиндигин сактоо артыкчылыктуу багыт катары кала берет.