COVID-19 вирусу лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 6268 адам. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүнө ылайык өзгөрүшү ыктымал.
Жакын байланыштар (I категория) – 1058;
Башка байланыштар (II категория) – 5210 адам.
Кыргызстанда коронавирусту жуктурган жалпы 280 учур катталды.