9-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Сузак районунда коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 91 адам кармалып, 10 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын ичинен: Бишкек шаарында — 61, Ош шаарында — 5, Жалал-Абад шаарында — 3, Сузак районунда — 21, Кара-Суу жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган эмес.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2192 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.
25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 280 адамга жетти. Алардын 25и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.