УКМК Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгүн мамлекетке кайтарууну камсыздады
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөгү коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча системалуу иштин алкагында аянты 2700 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарды. Имараттары бар объект Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган актив максаттуу багытын өзгөртүү менен мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып кеткени аныкталган. Бул аракеттер КР Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы жарлыгынын талаптарын бузган, ага ылайык социалдык инфраструктура объекттери сатылууга жатпайт жана аларды пайдалануунун белгиленген тартиби сакталышы керек.
Бүгүнкү күндө жер тилкеси расмий түрдө мамлекетке кайтарылып, аймактын тургундарынын кызыкчылыгында андан ары пайдалануу үчүн Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. УКМК мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгарылган ар кандай мамлекеттик же муниципалдык кыймылсыз мүлк сөзсүз түрдө кайтарылууга тийиш экенин эскертет. Ишке ашырылган чаралар шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жана спорттук объекттердин сакталышын камсыз кылууга шарт түзөт.