Араван районунда 105 МВттык күн электр станциясы курулат

21.01.2026 | 16:21

Оштун Араван районуна караштуу Сары-Таш айылында жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат. Бүгүн, 21-январда, облус башчысы Аманкан Кенжебаев станция курула турган 200 гектар жер аянты менен таанышты.

Курулуш иштери чет элдик инвесторлордун каражатынын эсебинен каржыланат. Инвестициянын жалпы көлөмү 65 млн долларды түзөт.

Курулуштун этаптары:

  • Биринчи этап: Жаз айларында башталат. Бул этапта 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы энергия өндүрүлө баштайт.
  • Экинчи этап: Курулуш толук аяктап, станция 105 МВт кубаттуулукка жетет.

Станцияга жалпысынан 450 миң даана күн панели орнотулат. Долбоор ишке ашканда 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.

Өткөн жылдын 24-декабрында Чүй облусунун Кемин районунда өлкө тарыхындагы алгачкы ири күн электр станциясы ишке кирген. Анын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт.

Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясы курулуп жатат. Ошондой эле Баткен облусунун Ак-Турпак айылында күн электр станциясы курула тургандыгы, анын кубаттуулугу 250 МВтты түзөрү маалымдалган.

Scroll to Top