Кыргызстандын Монголиядагы элчиси алмашты. Кызматка Айбек Молдогазиев дайындалды

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Ал бул кызматта 2023-жылдын июль айынан бери иштеп келди.
Президенттин маалымат кызматы, анын ордуна Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп Айбек Молдогазиев дайындалганын билдирди. Ал 2024-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
52 жаштагы Айбек Молдогазиев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Ал Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, Президенттин администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана министрликтин Юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарында иштеген. Ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүндө биринчи катчы жана кеңешчи-элчи болуп иштеген.
АКШдагы элчи болуп дайындалганга чейин ал тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлеген.