ЖККУ жана КМШ баш катчылары Москвада жумушчу жолугушуу өткөрүштү
2026-жылдын 20-январында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Таалатбек Масадыковдун Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Башкы катчысы Сергей Лебедев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык кырдаалдын актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле эки уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча тажрыйба алмашышты.
Жолугушуунун катышуучулары 2025-жылдын 3-сентябрында Бээжинде кол коюлган ЖККУ, КМШ жана ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюму) кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча 2026–2028-жылдарга карата Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, интеграциялык долбоорлорду айкалыштыруу маселелери талкууланды. Маектешүүнүн жыйынтыгында баш катчылар тынчтыкты сактоодо, туруксуздукту болтурбоодо, коопсуздуктун евразиялык архитектурасын калыптандырууда, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө аймактык уюмдардын негизги ролун баса белгилешти.