Кыргызстан генеративдик жасалма интеллектти колдонуу боюнча дүйнөлүк деңгээлден артта калууда

22.01.2026 | 10:07

Microsoft AI Diffusion Report баяндамасынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын экинчи жарымында генеративдик жасалма интеллектти активдүү колдонгон Кыргызстан тургундарынын үлүшү 8,2%ды түзгөн. Жарым жыл ичинде көрсөткүч болгону 0,7%га өскөн, бул дүйнөлүк орточо деңгээлден (16,3%) кыйла төмөн. ЕАЭБ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жогорку көрсөткүчтөрдү Казакстан (13,7%; өсүш +1,1%), Беларусь (8,4%; өсүш +0,8%) жана Орусия (8%; өсүш +0,4%) көрсөтүүдө. Армения менен Өзбекстан тиешелүүлүгүнө жараша 6,6% жана 6,3% менен аймактык рейтингдин төмөнкү бөлүгүндө калууда.

Жасалма интеллектти киргизүү боюнча дүйнөлүк лидерлер болуп БАЭ (64%), Сингапур (60,9%) жана Норвегия (46,4%) саналат, ал эми АКШ (28,3%) жана Германия (28,6%) сыяктуу ири экономикалар төмөнкү позицияларды ээлеп турат. Ошол эле учурда глобалдык деңгээлде ар бир алтынчы чоң адам контент жаратуу, милдеттерди автоматташтыруу же билим алуу үчүн генеративдик жасалма интеллект технологияларын колдонот.

Scroll to Top