Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Өзгөндөгү ооруканада чарчап калган ымыркай боюнча териштирүү башталды
22.01.2026 | 10:25

Өзгөндөгү аймактык ооруканада чарчап калган ымыркай боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү башталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
2026-жылдын 21-январында Өзгөн райондук милициясына аймактык ооруканадан 2025-жылы туулган ымыркайдын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай оорукананын бөлүмүндө кан аздыгынан улам каза болгону маалымдалган.
Милиция бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын жана өлүмдүн себебин аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар