ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Чүйдө өз энесине кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды
22.01.2026 | 11:00

Чүйдө өз энесине кол көтөрүүгө шектелип, 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
3-январда Сокулук райондук милициясына 67 жаштагы аял кайрылып, Ш.А. аттуу уулу мас абалында аны системалуу түрдө кол көтөрүп, психологиялык зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.
Соттук-медициналык экспертиза аялдын ден соолугуна жеңил залал келтирилгенин аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» менен кылмыш иши козголгон.
Ш.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар