Ирандагы нааразычылыктан 5 миңдей адам каза болгону айтылды. АКШ Иранга аскердик флотун жөнөттү

23.01.2026 | 11:43

АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын аскердик-деңиз флоту Иранды көздөй багыт алганын билдирди. Ал бул күчтөрдү колдонуунун кажети болбойт деп үмүт кыларын, бирок АКШ ар кандай кырдаалга даяр экенин белгиледи. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-январда Трамп Тегеранга нааразычылык акциясына чыккандарды өлтүрбөө жана өзөктүк программаны кайра жандандырбоо боюнча кайрадан эскертүү берди. Анын айтымында, АКШнын эскертүүсүнөн кийин Иран бийлиги митингге чыккан 840 адамды дарга асуу өкүмүн жокко чыгарган. Трамп эгер Иран өзөктүк программасын жандандырууга аракет кылса, Кошмо Штаттар аскердик чара көрөрүн кошумчалады.

Ирандагы нааразычылыктар 28-декабрда экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу башталган.

АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо тобунун маалыматы боюнча, митингге чыккан 4251 адамдын өлүмү тастыкталган. Дагы 9049 өлүм учуру текшерилүүдө. Ирандык бийлик өкүлү каза болгондордун жалпы саны 5000ден ашты, алардын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн 500 кызматкери бар экенин билдирген.

Scroll to Top