Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө кирүү келечеги
Кыргыстандын жетекчилигинин БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө тышкы саясатты тандап алышы өлкөнүн эл аралык саясий системадагы маанисин акырындык менен жогорулатуу ниетин билдирет. Борбор Азиянын дүйнөлүк саясатта таасирдүү тараптар чогулган аймак катары маанисинин өсүшүн эске алганда, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн глобалдык саясий процесстерге активдүү катышуу каалоосун чагылдырат. Бул демилге аймактын глобалдык туруктуулукту сактоо жана акырында тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууга катышуу үчүн иштөөгө даярдыгын көрсөтөт. Ошол эле учурда, ал Борбор Азиянын эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана өзүнүн тышкы саясаттагы катышуусун бекемдөөгө болгон берилгендигин баса белгилейт.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдындагы туруктуу эмес мүчөлөр институту ар бир таанылган мамлекетке дүйнөлүк коомчулук алдында өз имиджин жакшыртуу үчүн, ошондой эле башка өлкөлөр менен тышкы саясий өз ара аракеттенүүнүн кеңири жана тармактуу багыттарын түзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан ротациялык система боюнча эки жылдык мөөнөткө шайланган Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулоого, БУУ Башкы Ассамблеясынын трибунасынан өз кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги окуялар боюнча өз көз карашын жана кризистик кырдаалдарды чечүүнүн жолдорун сунуштоого укуктуу.
Шайлоонун ротациялык принциби БУУга мүчө болгон дээрлик ар бир мамлекетке (Россия, Кытай, АКШ, Франция жана Улуу Британиядан — БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн тышкары) өзүнүн тышкы саясий демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда, бирдей географиялык бөлүштүрүү принциби бул мүмкүнчүлүктөрдү теңдештирет, ар түрдүүлүктү жана ар кандай аймактардын глобалдык чечимдерди кабыл алууга катышуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактайт. Бул жагынан алганда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнүн институтун кайсы бир аймакка басым жасабастан же артыкчылык бербестен, көп тараптуу өз ара аракеттенүү үчүн салыштырмалуу адилеттүү формат катары кабыл алууга болот.
Өзүнүн гана эмес, Борбор Азиянын кызыкчылыктарынын өкүлү катары көрсөтүлгөн Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө, аймактагы ынтымакты жана коопсуздукту сактоого жана колдоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Мисалы, чек ара көйгөйлөрүнө тез жооп кайтаруу механизмдерин күчөтүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана башкалар аркылуу. Келечекте Борбор Азиянын ичинде да, эл аралык деңгээлде да транспорт, логистика жана инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү үчүн кеңейтилген куралдардын пайда болушун күтүүгө болот.
Дастан Токольдошев