Текшерүү Шопоковдогу «Дөөлөт курулуш» компаниясынан миллиарддаган сомдук мыйзам бузууларды аныктады

23.01.2026 | 14:49

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Шопоков шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Дөөлөт курулуш» курулуш компаниясы тарабынан милдеттенмелердин одоно бузулушунун белгилерин аныктады. Миңден ашык үлүшчү 1 млрд сомдон ашык каражат кошкон, бирок турак жайлардын курулушу дээрлик жүргүзүлбөй жатат.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Дөөлөт курулуш» компаниясынын объекттеринин курулуш жүрүшүн текшерди. Текшерүү иштери жарандардын президентке жолдогон көптөгөн кайрылууларынан кийин башталган.

Инспекция учурунда аныкталгандай, миңден ашык үлүшчүдөн жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашык каражат тартылганына карабастан, көпчүлүк объекттерде курулуш иштери иш жүзүндө токтоп калган жана котлован (пайдубал үчүн казылган жер) деңгээлинде калууда. Жарандар өз батирлерин эки жылга жакын убакыттан бери күтүп жатышат.

Шопоков шаарынын администрациясы курулуш компаниясына 8 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берген. Анын ордуна компания 140 батирди муниципалитеттин балансына өткөрүп берүү милдеттенмесин алган. «Бүгүнкү күндө бул милдеттенмелердин аткарылышы тастыкталган жок», — деп айтылат текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто.

Кырдаалды терең иликтөө үчүн атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Комиссияга тартылган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын, үлүштүк катышуу келишимдеринин аткарылышын текшерүү жана аткарылган курулуш иштеринин реалдуу көлөмүнө баа берүү тапшырмасы берилди. Эртең, 6-февралда саат 14:00дө компаниянын башка объектисинде комиссия өкүлдөрүнүн алданган үлүшчүлөр менен жолугушуусу пландалууда.

«Президенттин позициясы өзгөрүүсүз: жарандардын укуктары корголушу керек, ал эми курулуш компаниясынын аракеттерине толук укуктук баа берилет. Кырдаал мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды», — деп баса белгиледи Каныбек Туманбаев.

Scroll to Top