Көзөмөлдөөчү изилдөөлөр «Риха» компаниясынын колбаса азыктарынан чочконун ДНКсын тапкан жок

23.01.2026 | 16:36

Экономика министрлигинде «Риха» ЖЧКсынын жетекчилиги менен техникалык жөнгө салуу жана продукцияны сертификаттоо маселелерине арналган жумушчу жолугушуу өттү. Талкууга Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын жана «Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору» ММнин адистери катышты.

Жолугушуунун негизги темасы «Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия жөнүндө» мыйзамдын ченемдерин, ошондой эле продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкештигин декларациялоо тартибин түшүндүрүү болду. Тараптар сертификаттоо этаптарын жана өндүрүш процесстерине коюлган талаптарды кеңири талкуулашты.

2025-жылы ишкананын продукциясында чочконун ДНКсы бар экендиги аныкталган фактыга байланыштуу эреже бузууларды жоюу маселеси өзүнчө каралды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Ветеринардык диагностика борборунун өкүлдөрү менен кеңешүүлөрдөн кийин, «Риха» ЖЧКсы оңдоочу чаралардын комплексин ишке ашырганы кабарланууда. 2026-жылдын январында жүргүзүлгөн кайрадан лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча компаниянын продукциясында чочконун ДНКсынын курамы катталган жок.

Жолугушуунун жыйынтыгында укуктук алкакта мындан ары өз ара аракеттенүү жөнүндө түшүнүшүүгө жетишилди. Министрлик белгиленген стандарттарды жана мыйзамдарды так сактоо шарты менен ата мекендик өндүрүүчүлөргө продукцияны илгерилетүү маселелеринде колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Эске салсак, 2026-жылдын 19-январында «адал» деп белгиленген продукциядан чочконун ДНКсы табылганына байланыштуу «Риха» ЖЧКсынын лицензиясы жокко чыгарылганы белгилүү болгон. Экономика жана коммерция министрлиги компания аккредитациялоо жол-жоболорун да бузганын түшүндүргөн. Бул окуя халал-индустрия секторунда көзөмөлдү күчөтүүгө жана маркалоо стандарттарын бузгандык үчүн 23 миң сомго чейинки өлчөмдө административдик айып пулдарды киргизүүгө себеп болду. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, эт азыктарынын курамына мониторинг исламда тыюу салынган жаныбарлардын ДНКсын аныктоого жөндөмдүү Бишкек жана Ош шаарларынын аккредиттелген лабораторияларында жүргүзүлөт.

Scroll to Top