Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды
23.01.2026 | 16:58
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга тиешелүү талаптар тууралуу эскертти.
Министрлик Орусияга кетердин алдында Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесин текшерүүнү сунуштайт.
Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү жол-жоболорду аткаруу талап кылынат:
- Өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү.
- 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар каттоого «Амина» тиркемеси аркылуу турушу керек (үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтүшөт).
- Иш берүүчү менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү.
- 90 күндүн ичинде түзүлгөн келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу. Бул тууралуу белги миграциялык картага миграция органдары тарабынан коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом