Индияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алынды
Индиянын Батыш Бенгалия штатында учурда айыкпас деп эсептелген Нипах (Nipah) вирусунун чыгышы расмий тастыкталды. Аймактын бийлиги жуктурганы тастыкталгандардын саны бешке жеткенден кийин 100гө жакын адамга чукул карантин киргизди.
Жуктуруп алгандардын арасында алгачкы бейтаптарга жардам көрсөткөн дарыгер жана медайым бар. Айрым оорулуулардын абалы өтө оор деп бааланууда, алар жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Нипахты эң коркунучтуу патогендердин категориясына киргизет, анткени ага каршы атайын дары же вакцина жок. Негизги ташуучулар болуп жарганаттар эсептелет, ал эми адамга түз байланыш же вирус жуккан азыктар аркылуу өтөт. Оору тез өнүгүүсү менен мүнөздөлөт: ысытманын алгачкы белгилеринен тартып комага чейин эки суткага жетпеген убакыт өтүшү мүмкүн. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бул инфекциядан каза болуу деңгээли өтө жогору жана 40%дан 75%га чейин жетет. Учурда оору чыккан очокто масштабдуу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.