Ош облусунда 300 миллион долларга кичи ГЭСтердин каскадын куруу пландалууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана «Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД» компаниясы ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу боюнча ниетин бекемдешти. Тараптар Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кичи гидроэлектр станцияларынын каскадын курууну караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке КР Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков жана инвестициялык компаниянын башкы директорунун орун басары Цю Чэньци кол коюшту. Долбоордук маалыматтарга ылайык, болочок каскаддын жалпы кубаттуулугу болжол менен 200 МВтка жетет.
Долбоорго жумшалуучу инвестициянын жалпы көлөмү 300 миллион АКШ долларына бааланууда. Бул демилгени ишке ашыруу аймактын гидроэнергетикалык дараметин өздөштүрүүгө жана жергиликтүү калктын, бизнестин муктаждыктарын камсыздоо үчүн генерациялоонун кошумча булактарын түзүүгө багытталган. Долбоор электр энергиясын иштеп чыгуунун ички кубаттуулугун жогорулатуу жана экономиканын стратегиялык тармактарына чет элдик капиталды тартуу боюнча мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп калмакчы.