КМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти
Эксперттик топ КМШга катышуучу мамлекеттердин кургак учуктун жайылышын алдын алуу боюнча 2027–2030-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү. Талкууга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын адистери катышты. Долбоор учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды анализдөөгө жана Шериктештик өлкөлөрүндө анын өнүгүү божомолдоруна негизделген.
КМШ өлкөлөрү 2015-жылга салыштырмалуу кургак учук менен оорууну 20%га жана өлүмдү 35%га азайтууну пландап жатышат. Ошондой эле бардык бейтаптар үчүн медициналык жана социалдык жеңилдиктер менен толук камсыздоо каралган. Иштин негизги багыттары профилактиканын ыкмаларын өркүндөтүүнү, өзгөчө тобокелдик топторунда, ооруну эрте аныктоого бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууну жана дарыга туруктуулукту текшерүүгө жалпынын, анын ичинде мигранттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоону камтыйт.