Зеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айттыПрезидент Кыргызстандын Кытайдагы элчисин алмаштырдыЧүй облусунда форель жана осетр балыктарын кайра иштетүүчү завод ачылдыМСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырдыСадыр Жапаров Ереванда COP17 саммитинин ачылышына катышты16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт
Айыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалды
26.01.2026 | 14:58

Ош облусунда эки тергөөчү алдамчылык фактысына шектелип жаткан жарандан 3 миң доллар акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Кара-Суу районунун Нариман айылдык милиция бөлүмүнүн О.Г.О. аттуу тергөөчүсү 2024-жылы декабрда алдамчылык кылмышы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин токтотом деп К.у.О. аттуу жарандан 3 миң доллар талап кылган. Алардын ортосунда Араван райондук милициясынын тергөөчүсү С.Н.С. ортомчулук кылган.
Ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, аталган тергөөчүлөр 1600 доллар акча алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар