НАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодо

26.01.2026 | 15:03

Гренландиянын айланасындагы окуя бир караганда АКШ менен Евробиримдиктин кезектеги талаш-тартышындай көрүнөт. Бирок, чындыгында НАТО эң алсыз абалда турат. Альянстагы эң күчтүү өлкөлөрдүн бири башка мүчөнүн аймагына көз артып жатканы НАТОну бириктирип турган негизги принциптерге, тактап айтканда — ишенимге жана союздаштар бири-биринин аймагына кол салбайт деген эрежеге шек келтирүүдө. 

Эгер бул жерде күч колдонуу сценарийинин айрым белгиси байкалса (ал эми Трамп мындай мүмкүнчүлүктү тастыктаган да эмес, четке да каккан жок), бул көйгөйдү саясий деңгээлден системалык деңгээлге өткөрүп, уюмдун ичиндеги оюндун эрежелеринин өзү күмөн астында калат.

Кандай гана жыйынтык болбосун, НАТОнун ичиндеги ички кесепеттер дээрлик сөзсүз орун алат. Эгерде Вашингтон Данияга жана Евробиримдикке басым жасоону уланта берсе, Альянс союздаштар ортосундагы жашыруун конфликтке кептелет. Анда алар формалдуу түрдө «бирге», бирок иш жүзүндө баррикаданын эки тарабында болуп калышат. Эгерде АКШ аралдын «өз ыктыяры менен» берилишине жетишсе, бул кооптуу жагдай жаратат: блоктун ичиндеги эң күчтүү тараптын басымы натыйжа бере аларын көрсөтөт жана бул НАТОнун алкагында «күчтүүнүн укугу» саясатын мыйзамдаштыруу катары кабыл алынат. Ал эми күч колдонуу варианты тандалса, абройго тийген сокку катастрофалык мүнөздө болот: жамааттык коопсуздуктун кепилдиги катары түзүлгөн Альянс союздашы союздашына коркунуч келтире турган аянтчага айланат.

НАТОнун биримдигиндеги «жарака» тууралуу алгачкы кооптуу сигналдын Францияда жаңырып жатканы кокустук эмес. Улуттук чогулуштун солчул «Баш ийбеген Франция» партиясынан төрайымынын орун басары Клеманс Гетте, АКШнын саясатына макул эместигин айтып, Париждин Альянстан чыгуусун сунуштады. Бул азырынча кеңири тарай элек, бирок мындай ойлордун парламенттик трибунадан ачык айтылышы маанилүү жагдай. Реалдуу чыгуу жөнүндө сөз болбосо да, мындай билдирүүлөр Вашингтон менен союздаштыктын баасы тууралуу талкууну күчөтүп, блоктун башка өлкөлөрүндө да коомдук нааразычылыкты арттырышы мүмкүн.

Ошол эле учурда АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы жалпы чыңалуу да күчөп барат. Брюссель кардуулугун көрсөтүүгө аракет кылып, АКШ менен соода келишимин ратификациялоону токтотуп, жооп иретинде бажы алымдарын киргизүүдө. Мындан мурда Вашингтон Данияга жана бир катар Европа өлкөлөрүнө каршы тарифтерди киргизген. Бирок НАТО үчүн бул ажырым коркунучун гана күчөтөт: союздаштар ортосундагы экономикалык жана саясий конфликттер коопсуздук тармагына өтүп, ал жерде ар кандай «жараканын» келип чыгуусу ыктымал.

Акырында, Евробиримдиктин негизги өлкөлөрүндөгү ички алсыздык да Альянс үчүн абалды ого бетер кооптуу кылууда. Германия өнөр жайдагы төмөндөө жана эмгек рыногундагы көйгөйлөргө туш келсе, Франция саясий кризис жана социалдык чыңалуунун күчөшү менен күрөшүүдө. Мындай шартта Батыш блогунун ичинде бирдиктүү позицияны сактоо кыйындайт, натыйжада пикир келишпестиктер менен өз ара айыптоолордун ыктымалдыгы өсөт. НАТО үчүн бул начар сценарий: уюм курал-жарак менен гана эмес, биримдик менен да күчтүү, ал эми дал ушул биримдикти азыр «гренландиялык кризис» солгундата баштады.

Жыйынтыктап айтканда, аралдын айланасындагы талаш трансатлантикалык мамилелердеги кезектеги эле жаңжал эмес. Бул Альянстын бекемдигин сынаган сыноо. Кандай жыйынтык чыкпасын, анын изи калат: же уюмдун ичиндеги басымдын кооптуу прецеденти жаралат, же ишеним кризиси пайда болот. А балким НАТО акыркы ондогон жылдардагы эң ири саясий жаңылыштыктарга тете аброй жоготууга учурайт.

Scroll to Top