Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Жогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
26.01.2026 | 16:11

Тредс соцтармагынын Асел Азаматова (asel001azamatova) аттуу колдонуучусу Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун мурдагы жубайы экенин жана депутат тарабынан бир нече жолу сабалып, зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө.
Анын айтымында, депутат экөө 2016-жылы баш кошкон жана ортосунда 3 бала бар. Билдирүүдө депутат аны эки жылдан кийин сабап баштаганы айтылат. Ал эми 2022-жылы келин кош бойлуу кезинде катуу сабалып, укук коргоо органдарына арыз жазган. Бирок мурдагы жолдошу тарабынан зомбулук улана берген. Мындан улам келин ажырашууга арыз жазган.
Азаматова баракчасына көгала болгон денесинин сүрөтүн да жарыялады.
Депутат Эльдар Сулайманов бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар