2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жетти
КРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамыткановдун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдиргенине караганда, 2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 миллион долларды түздү. Жыйындын алкагында өткөн жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет угулду. Ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жандандыруу пландары тууралуу маалымат берилди.
Комитеттин депутаттары бир катар сунуштарды киргизишти: Азербайжан жана Грузиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү. Мындан тышкары, депутат Чолпон Эсенаманова Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүдө негизсиз дооматтарга кабылып жаткан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын даттанууларына элчинин көңүлүн буруп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.