Трамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты

27.01.2026 | 13:16

АКШнын Президенти Дональд Трамп Түштүк Кореядан ташылган продукцияга карата импорттук тарифтерди 15 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулатканын жарыялады. Ал мындай чечимин Сеулдун 2025-жылдын октябрында түзүлгөн соода келишимин аткарбагандыгы менен негиздеп, тиешелүү билдирүүнү Truth Social социалдык тармагына жайгаштырды. Жогорулатылган алымдар товарлардын кеңири тизмесин, анын ичинде унааларды, жыгач материалдарын жана фармацевтикалык продукцияларды камтыйт.

Түштүк Кореянын бийлиги кабыл алынган чечим тууралуу расмий билдирүү албаганын маалымдады. Сеул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Вашингтон менен кечиктирбестен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Эске салсак, аталган келишим Түштүк Кореянын АКШ экономикасына, анын ичинде кеме куруу секторуна 350 миллиард доллар инвестиция салуу милдеттемесин караган.

Scroll to Top