Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке какты

Бүгүн, 27-январда, Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик гимндин сунушталган жаңы варианттарын карап, жактырган жок.
Маданият министринин орун басары Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, гимнди ойлоп табуу боюнча өткөрүлгөн сынактын негизинде комиссия сунушталган варианттардын ичинен эң жогорку упай алган үч долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында аталган үч долбоор каралды. Ага гимндин долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү: КР эл акындары Сагын Акматбекова, Карбалас Бакиров, тилчи филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев, мадания таануу илиминин доктору Чынар Үмөталаева, хормейстер Карагул Тиленчиев жана башка акындар, музыка тануучулар, композиторлор катышты.
Талкуу учурунда сунушталган долбоорлор угулуп, андайн кийин ага карата коммиссия мүчөлөрү өз пикирлерин билдирди.
Чынар Үмөталаева сунушталган музыкалык чыгармалар мамлекеттик гимндин деңгээлине жетпей тургандыгын билдирди. Анын айтымында, гимн баатырдык чакырык мүнөзүндө болушу керек, ал эми сунушталган варианттар жеңил мүнөздөгү хор ырларына окшош.
Ал эми Сыртбай Мусаев тексттердин сапаты төмөн экенин айтып, «азаттык» сыяктуу сөздөрдү колдонуудагы маанилик каталар бар экенин билдирди. Ал гимн элдин духун ойгото турган деңгээлде болушу зарыл экенин белгиледи.
Жогорку Кеңштин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев сунушталган үч варианттын тең музыкасы жана сөзү азыркы иштеп жаткан гимнге караганда деңгээли төмөн жана «чийки» экенин айтып, аларды кабыл алууга негиз жок экенин билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан конкурс аркылуу тандалып алынган мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын үч долбоорун тең четке кагуу тууралуу чечим кабыл алышты.