Кара-Кулжа районунда Кызыл китепке кирген бүркүттү мыйзамсыз баккан тургунга айып пул салынды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын адистери жапайы кушка мыйзамсыз ээлик кылуу фактысына бөгөт коюшту. 27-январда мекемеге Кара-Кулжа районунун тургуну Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген бүркүттү үй шартында багып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Кызматтын инспекторлорунун, NABU уюмунун жана «Барс-2» тобунун кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө укук бузуу фактысы тастыкталды. Жаранга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 262-1-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Сейрек кездешүүчү кушту мыйзамсыз баккандыгы үчүн тартип бузуучуга 20 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Адистер текшерүү жүргүзгөндөн кийин бүркүт дени сак деп табылып, табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жапайы жаныбарларды жаратылыштан бөлүп алууга жана атайын уруксаты жок туткунда багууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертет. Мекеме жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого жана мындай фактылар боюнча дароо тиешелүү кызматтарга кабарлоого чакырат.