РФ ТИМ башчысы Москвада КМШ өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушуу өткөрдү

28.01.2026 | 13:35

27-январда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри С. В. Лавровдун РФте аккредитацияланган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин элчилери менен салттуу жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага ошондой эле КМШнын Башкы катчысы С. Н. Лебедев жана башка евразиялык түзүмдөрдүн аткаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө катышуучулар эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, 2025-жыл ичиндеги евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарышты. Мындан тышкары, жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленди: тышкы саясий координацияны чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү.

Scroll to Top