Садыр Жапаров эмнеге автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлүп жаткандыгын түшүндүрдү

28.01.2026 | 14:36

Өлкө башчы Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн жасалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Президент буга чейин жеке автомектептер айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга басым жасап келгенин билдирди. Анын айтымында, жарандар мектептерге документтерин тапшырып, иш жүзүндө окубай эле сертификат алып, андан ары айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып келишкен.

Садыр Жапаров жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири катары айдоочуларды даярдоодогу талаптардын төмөндүгүн атады. Мындан улам, анын айтымында, Кыргызстанда жол кырсыктарынан жылына 900дөн ашык адам каза болууда.

Президенттин мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлөрүн айтты.

“Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси — жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы — жарандардын коопсуздугу”,- деп билдирди ал.

Ошондой эле Жапаров окутуунун баасы анчалык кымбат болбой тургандыгын, азыр баасы такталып жаткандыгын айтты. “Жүз миң экен, жүз элүү миң экен деген маалыматтар болбогон сөз”,- деди ал.

Scroll to Top