“Үйгө алып барып, балаңызга бериңиз”. Ош мэри мектепте окуучуларга катыган токоч берилип жатканын сынга алды

28.01.2026 | 17:54

Бүгүн, 28-январда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Жетиген” мектебине барып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Рейд учурунда шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз экенин көрүп, нааразычылыгын билдирди.

Ал балдарга берилген май токоч (булочка) катуу экенин, айрымдары күйүк, ал эми кээ биринин ичи чийки экенин айтты. Ал мектеп директоруна жана жетекчилерге токочторду үйүнө алып кетүүнү буйруду.

“Кантип жейт муну балдар? Эртең ашказаны ооруйт. Бул жөн эле камыр экен. Үйгө алып барып балдарыңызга берип көрүңүзчү, жейби-жебейби?”- деп катуу сындады шаар мэри.

Андан кийин эртеси күнү эртең менен кайрадан текшерүүгө келерин, балдарга сапаттуу тамак-аш даярдап коюуну тапшырды.

Scroll to Top