15-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!
Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 50-орунду ээледи
28.01.2026 | 18:00
28-январга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 50-орунду ээледи.

Учурдагы AQI индекси 73 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «сезгич (аялуу) топтор үчүн зыяндуу» болуп эсептелет.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштар
- «Жакшы» (0-50) көрсөткүчүндө сыртта ээн-эркин жүрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезгич адамдарга сыртта узак убакыт жүрүүдөн кармануу сунушталат.
- «Зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлдерде сыртта болуу убактысын чектөө зарыл.
- «Өтө зыяндуу» (150-249) учурда үйдөн чыкпай коюу абзел.
- Ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде кыска убакытка болсо да сыртка чыгуудан баш тартуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом